Жаза аткаруу кызматы №1 тергөө абагынын кайда көчүрүлөөрүн билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, №1 тергөө абагы Бишкек шаарынан 22 чакырым алыстыкта жайгашкан Төмөнкү Нооруз айылында (№50 тергөө абагынын аймагында) болот.
Аталган №1 тергөө абагына 2 миң адамга ылайыкталат.
Белгиленгендей, аны Бишкектен көчүрүү үчүн президенттик фонддон 26,3 млн сом бөлүнгөн.