Бишкектеги инфекциялык оорукана оңдоо иштерине жабылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, үч кабаттуу корпусту калыбына келтирүү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.
Ремонт учурунда курч респиратордук инфекциялары менен балдар Улуттук эне-баланы коргоо борборуна жана Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлөт.