Бишкектин четиндеги дээрлик 5,5 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

06.02.2024, 13:00 Акчабар
Бишкектин четиндеги дээрлик 5,5 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Дээрлик 5,5 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик жер-суу көзөмөлдөө кызматы Аламүдүн районунун прокуратурасынын буйругунун негизинде Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө жана үчүнчү жактарга сот органдарына аукциондун жыйынтыктарын жараксыз деп табууга жана аукциондун натыйжаларын жокко чыгарууга арыз менен кайрылган.

Орто-Сай айыл аймагынан 0,18 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 180 миң сомго сатылып кеткен. Учурда жер тилкесинин базар баасы 5 млн 466 миң 112 сомду түзөт.

Тэги: жер тилкеси мыйзамсыз Таш-Дөбө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть