Бөкөнтаев: Өлкөдө салыштырмалуу баалар туруктуу

05.03.2024, 12:09 Акчабар
Бөкөнтаев: Өлкөдө салыштырмалуу баалар туруктуу

2024-жылдын 23-февралына карата Кыргызстанда инфляция 5,2%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө салыштырмалуу баа туруктуулугу бар, бул Улуттук банктын негизги милдеттеринин бири.

“Инфляциянын структурасында азык-түлүк товарларына баанын өсүшү тез темп менен жайлап жатканын көрүп турабыз. Мисалы, 2023-жылдын акырына карата азык-түлүк эмес товарларга баанын өсүшү 3,4%га төмөндөсө, 2022-жылдын акырына карата 15,8%ды түзгөн. Ошондой эле азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүү темпинин төмөндөшү байкалууда”, - деди ал.

Тэги: КР Улуттук банк Кубанычбек Бөкөнтаев инфляция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть