akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.05.2020, 05:10

    Brent маркасына болгон мунайдын июнь фьючерине болгон баасы 30.86 долларды түзүудө. Кечээ, саат 04:00 чамасында бир баррелге болгон баа 32 долларга көтөрүлгөн. Бул сандар жүргүзүлгөн соодалашуудан улам келип чыккан.

    [news 23049]

    Өз кезегинде WTI маркасына болгон мунайдын баасы дагы жогорулаган. Саат 05:30 маалымнда бир баррелге болгон баа 25 долларга көтөрүлгөн. Азыркы учурда WTI 24.26 доллар менен сатылып жатат.

    Эске сала кетсек, 1-майдан тарта ОПЕК+ өлкөлөрү мунай казуунун көлөмүн суткасына 9.7 млн баррелге чейин кыскартуу чечимине келишкен. Россия менен Сауд Арабия максималдуу деңгээлге чейин кыскартарын билдиришкен.