Быйыл Баткендин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 1,5 млрд сомдук иштер жасалат

22.02.2022, 16:51 Акчабар
Быйыл Баткендин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 1,5 млрд сомдук иштер жасалат

Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында Акылбек Жапаров Баткен облусундагы экспорттун деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жаңы ишканалардын ачылышы менен миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөрүн кошумчалады.

«Буга катар экспорттук потенциал жогорулайт. Ал эми экспорттун көбөйүшү – региондун өнүгүшүнө түздөн-түз жол ачат», - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Өзбекстандан пахтадан жасалган кездемелерди алып, Баткендин тигүү бизнесин өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы аймактын тургундары өлкөдөн тышкары чыкпастан, региондо калып иштөөсү үчүн жергиликтүү ишканаларды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Быйылкы жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча Баткендин инфраструктурасын (сугат каналдарын, социалдык объектилерди жана жолдорду) өнүктүрүүгө 1,5 млрд сом инвестициялап жатабыз. Ошол эле учурда кабыл алынган чечимдердин алкагында облусту өнүктүрүү үчүн бул сумманы 5 млрд сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Каналдар курулуп, ичүүчү, сугат суу менен камсыздалып, социалдык маселелер чечилиши керек», - деди Жапаров.

Тэги: Баткен облусу тигүү бизнеси инфраструктура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть