Быйыл Кыргызстан 30 чакан ГЭСти ишке киргизүүнү пландоодо

08.04.2022, 11:21 Акчабар
Быйыл Кыргызстан 30 чакан ГЭСти ишке киргизүүнү пландоодо

Кыргызстандын энергетика системасы белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкекте энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча өтүп жаткан форумда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын энергетика системасы белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгына байланыштуу министрлер кабинети энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн реформаларды жүргүзүүдө. Ошондой эле Кыргызстанда буга чейин генерациянын кубаттуулугун көбөйтүүнүн алкагында 15-20 гидроэлектрстанциялары ишкен киргизилген.

“Учурда чакан ГЭСтерди курууга аянттарды даярдоо, долбоорло жана зарыл болгон жабыдыктарга буйурма берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул жылы 30га жакын ГЭСти ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Анын ичинен төртөөнү өз күчүбүз менен курсак, калганын мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында курулат”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, “Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда” энергетикалык форумдун алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформаларды колдоо боюнча эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланат.

Форум сессияларынын алкагында катышуучулар жеке сектордун катышуусунда күн энергетикасын өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин приоритеттерин, энергетикалык секторду реформалоо стратегиясын (реформалардын жана артыкчылыктуу инвестициялардын жол картасы), энергетикалык сектор маселеси боюнча калкты социалдык жактан колдоо чараларын талкуулайт.

Тэги: Чакан ГЭС Энергетика тармагы гидроэлектрстанция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть