Быйыл Кыргызстанда 500 чакырымдай жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин унаа жолдор башкармалыгынын башчысы Абсамат Талантбек уулу билдирди.
Анын айтымында, пландарда Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө камтылган.
Ошондой эле, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 40 чакырымга жакыны жана Нарын –Баетов унаа жолунун 20 чакырымдайы курулат.