Быйыл Кыргызстанга тогуз өлкөдөн жылкылар алынып келинди

30.10.2023, 11:04 Акчабар
Быйыл Кыргызстанга тогуз өлкөдөн жылкылар алынып келинди

Быйыл сегиз айда Кыргызстанга 146 млн 816,9 миң сомго 2 миң 221 баш жылкы жана качыр алынып келинди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 590 башка көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жылкылардын көбү Кыргызстанга Орусиядан (1 миң 707 баш 91 млн 293 миң сомго) алынып келинген. Польшадан 31 млн 130,7 миң сомго 272 баш алынып келинген. Литвадан 16 млн 868 миң сомго 173 жылкы келген.

Ал эми Казакстандан (1 млн 808,8 миң сомго 28 баш), Латвиядан (1 млн 565 миң сомго 20 баш), Өзбекстандан (3 млн 233 миң сомго 13 баш) азыраак жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, АКШдан Кыргызстанга 652,4 миң сомго 4 баш жылкы жана Аргентинадан 191,9 миң сомго 3 баш жылкы алынып келинди.

Тэги: импорт жылкы сатып алуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть