Опубликовано
21.01.2022, 07:20Быйыл Кыргызстандын бардык аймактарында сугат мезгили эрте башталат. Айыл-чарба министрилигинен билдиришкендей, учурда адистер сууну берүүчү булактарды жана каналдарды аныктап жатат.
"Эгер жаан-чачын азыркыдай эле аз болсо, алгач каналдардын түбүнө сууну сиңдирүүгө туура келет. Андан тышкары, учурда талааларда кар дээрлик жок, андан улам нымдуулук керек болгон жерлерде иштерди жүргүзүү зарыл", - деп белгилешти ведомстводогулар.
Мындай милдет буга чейин бардык жергиликтүү башкаруу органдарына тапшырылган.