Аймактардагы бизнести өнүктүрүүгө 2 млрд сом кепилдик бөлүнгөн

02.02.2024, 10:47 Акчабар
Аймактардагы бизнести өнүктүрүүгө 2 млрд сом кепилдик бөлүнгөн

Былтыр аймактардагы бизнести өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык кепилдиктер бөлүнгөн. Бул тууралуу Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 2023-жылы ишкерлер өнөктөш банктардын кепилдиги менен 8 млрд 26 млн сом насыя алышкан. 2023-жылы өлкөдө 4 миң 736 ишкер Кепилдик фондунун кызматынан пайдаланган. Ишкердик субъекттерине 2 млрд 821 млн сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөтүлдү.

Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 90%ы өлкөнүн аймактарында дээрлик 2,1 млрд сом суммасында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Тэги: кепилдик фонду жергиликтүү ишкерлер бизнести колдоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть