Былтыр эмгек акыларга бюджеттен 122,2 млрд сом бөлүнгөн

24.01.2024, 14:42 Акчабар
Былтыр эмгек акыларга бюджеттен 122,2 млрд сом бөлүнгөн

2023-жылы социалдык чегерүүлөрдү эске алуу менен эмгек акыларга 122,2 млрд сом болүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021 - 65,2 млрд сом бөлүнсө, 2022- жылга 95,3 млрд сом бөлүнгөн.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

  • билим берүү жана илим кызматкерлерине - 180%,
  • медициналык кызматкерлерге - 150% чейин,
  • маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине - 200% тегерегинде,
  • социалдык коргоо кызматкерлери - 200% чейин,
  • мамлекеттик жарандык кызматчылардын - 210% чейин,
  • муниципалдык кызматчылардын - 253% чейин,
  • мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын - 212%,
  • техникалык тейлөөчү персоналдын - 178% чейин,
  • кенже тейлөөчү персоналдын - 172% чейин,
  • бош жалданган жана жарандык персоналдын - 169% чейин айлык акы көтөрүлгөн.

Тэги: эмгек акы бюджет мамлекеттик кызматкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть