Былтыр каржы пирамидасы боюнча 40 адам жоопко тартылды

29.02.2024, 11:10 Акчабар
Былтыр каржы пирамидасы боюнча 40 адам жоопко тартылды

Өткөн жылдын 12 айында каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 358 кылмыш иши тергелди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 217 кылмыш иштин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилип, 98 кылмыш иш боюнча учурда тергөө иштери уланып келет.

Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында, калганы Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.

Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

"Ошондуктан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурун, кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок. Эсиңизде болсун, чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелдиктерсиз болбойт!", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, каржы пирамидасы – каржы алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашырып иш алып барышы мүмкүн.

Тэги: каржы пирамидасы кылмыш ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть