Былтыр кыргызстандык жүк ташуучулардын эл аралык каттамдары көбөйгөн

23.02.2024, 16:00 Акчабар
Былтыр кыргызстандык жүк ташуучулардын эл аралык каттамдары көбөйгөн

2023-жылы Кыргызстандын жүк ташуучулары 230,8 миңге жакын эл аралык каттамдарды аткарып, 3,83 млн тоннадан ашык жүк ташышкан. Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы Кыргызстандын автотранспорттук ишканаларына жүк ташуу үчүн 96,1 миң чет элдик уруксаттын бланктары берилген. Бул бир жыл мурункуга караганда 68,4 миң даана уруксатка, же 247% көп.

Ошондой эле, ал "уруксат" кагаздарын сатуудан түшкөн киреше 20,4 млн сомго (228 миң доллар) чейин өскөнүн билдирди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12,7 млн сомго (142 миң доллар) же 164%га көп.

Тэги: жүк ташуучу унаа жүк ташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть