Былтыр тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 30%га көбөйгөн

14.03.2022, 09:52 Акчабар
Былтыр тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүү агымы 30%га көбөйгөн

Алдын ала маалыматтар боюнча 2021-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2020-жылга салыштырмалуу 29,9% көбөйдү жана 698 млн долларды түздү. Муну менен бирге, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 247,5 млн. долларга ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Өткөн жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө резидент эместерден алынган кредиттерди жана башка кредитордук карыздарды кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн келип түшүү агымынын көбөйгөндүгү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97% жакыны) иштетүү өндүрүш, геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталды.

“Геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү – 2,7 эсеге, дүң жана чекене соода ишканаларга – 1,6 эсеге, маалымат жана байланышка – 20,2%, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 19,0%, пайдалуу кендерди казууга – 14,3%, иштетүү өндүрүштөрүнүн- 7,2% көбөйдү, ошол эле убакта курулуш чөйрөсүнө инвестициялар – 4,3 эсеге төмөндөдү”,- деп айтылат маалыматта.

Тэги: тике инвестиция Улуттук статистика комитети резидент эместер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть