Былтыр жемкорлукка каршы күрөштүн натыйжасында бюджетке 1 млрд сомдон ашык кайтарылды

09.02.2022, 15:15 Акчабар
Былтыр жемкорлукка каршы күрөштүн натыйжасында бюджетке 1 млрд сомдон ашык кайтарылды

Былтыр Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 288 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Белгилүү болгондой, каражаттын 193 миллион 219 миң сому акчалай, 1 миллиард 95 миллион 16 миң сому материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылды.

Ошондой эле, жалпысынан 7 миң 565 текшерүү жүргүзүлүп, 16,7 миң мыйзам бузуу аныкталган, 7 миң 900 акт түзүлүп, 6 миң 400 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.

Мындан тышкары, жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу иштеринин негизинде1 млрд 95 млн сом компенсацияланган.

Тэги: коррупция Башкы прокуратура мамлекеттик бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть