Новиков «Чалдовар» өткөрүү пунктундагы айрым кызматтардын ишине нааразы болду

30.11.2020, 09:40 Акчабар
Новиков «Чалдовар» өткөрүү пунктундагы айрым кызматтардын ишине нааразы болду

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Чалдовар» өткөрүү пунктуна барып, айрым кызматтардын ишине нааразы болуп кайтты.

Көзөмөл - өткөрүү пунктунда бүгүнкү күнгө чейин пилоттук тутум киргизиле элек экен.




«Ушул убакка чейин даярдалган чаралардын эч бири иштебей жатканына ынандык. Мисалы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча
конкреттүү тапшырма берилген. Бирок жабдуулар орнотула элек электигин көрүп жатабыз. Бардык техника үкөктөрдө салынган боюнча турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги.
Ошол эле учурда маалыматтар так болбогондуктан, өткөн күндөгүлөрдү алуу мүмкүн эмес. Тутумдун иштебей калгандыгынан улам, товарларды эсепке алуунун реалдуу маалыматтары чагылдырылбайт, бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат», - деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.



Новиковдун тапшырмасы боюнча коюлган тапшырмаларды аткарбаган адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда жакынкы күндөрү Артем Новиков өткөрүү пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшерет.

Тэги: Новиков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть