Akchabarsearch
Источник фото: Кабар

Опубликовано

11.06.2020, 04:30

2020-жылдын 10-июнунан тарта кыргыз-казак чек арасындагы Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан «Чалдыбар-унаажол» өткөрмө бекети ишин жандантты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

[news 25061]

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-унаажол» бекети «Ак-Тилек-унаажол» өткөрмө бекетиндеги автотранспорт каражаттарынын санын азайтуу максатында жүк ташуучу унаалар үчүн гана ачылды.

Айдоочулар өткөрмө бекетти кесип өтүү үчүн сөзсүз түрдө COVID-19га экспресс-тестен өтүүсү зарыл. Жыйынтыгы терс көрсөткөн учурда айдоочуларга маалымкат кат берилет, алар аны менен Казакстанга кире алышат.

Азыркы учурда кыргыз-казак чек арасында үч өткөрмө пункту иш алып барууда. Алар: Чүй облусунда «Ак-Тилек-унаажол» жана «Чалдыбар-унаажол» өткөрмө бекеттери, ал эми Талас облусунда «Чоң-Капка-унаажол» өткөрмө бекети.

Жүк поезддердин өтүшү «Кайыңды-темир жол» өткөрүү пункту аркылуу жүргүзүлүүдө.


Читать похожее

  • 07.02.2024, 05:50:26
  • 21.04.2022, 02:17:50
  • 11.04.2022, 00:15:17
  • 06.04.2022, 04:28:44