«Чалдыбар-унаажол» өткөрмө бекети жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды

11.06.2020, 10:30 Акчабар
«Чалдыбар-унаажол» өткөрмө бекети жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды

2020-жылдын 10-июнунан тарта кыргыз-казак чек арасындагы Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан «Чалдыбар-унаажол» өткөрмө бекети ишин жандантты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-унаажол» бекети «Ак-Тилек-унаажол» өткөрмө бекетиндеги автотранспорт каражаттарынын санын азайтуу максатында жүк ташуучу унаалар үчүн гана ачылды.

Айдоочулар өткөрмө бекетти кесип өтүү үчүн сөзсүз түрдө COVID-19га экспресс-тестен өтүүсү зарыл. Жыйынтыгы терс көрсөткөн учурда айдоочуларга маалымкат кат берилет, алар аны менен Казакстанга кире алышат.

Азыркы учурда кыргыз-казак чек арасында үч өткөрмө пункту иш алып барууда. Алар: Чүй облусунда «Ак-Тилек-унаажол» жана «Чалдыбар-унаажол» өткөрмө бекеттери, ал эми Талас облусунда «Чоң-Капка-унаажол» өткөрмө бекети.

Жүк поезддердин өтүшү «Кайыңды-темир жол» өткөрүү пункту аркылуу жүргүзүлүүдө.

Тэги: кыргыз-казак чек арасы Чүй облусу Панфилов району Чалдыбар-унаажол өткөрмө бекет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×