Чек арадан 4 кг кальян тамекилерди мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды

17.12.2019, 16:26 Акчабар
Чек арадан 4 кг кальян тамекилерди мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «Түндүк-Чыгыш» контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында Т.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы «MAN26372» үлгүсүндөгү жүк ташуучу авто транспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Жогоруда көрсөтүлгөн авто транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 4 032 килограмм болгон, акциздик маркасы жок «Premium water pipe tobacco «Serbetli» маркадагы кальян тамекисин табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ташылып келинген товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тэги: тамеки мыйзамсыз кальяны тамеки Бажы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть