Кыргызстанда иштөө үчүн чет элдик жарандар 94 млн. сом төлөшкөн

11.10.2019, 09:47 Акчабар
Кыргызстанда иштөө үчүн чет элдик жарандар 94 млн. сом төлөшкөн

2019 – жылдын акыркы 9 айында чет элдик жарандар үчүн иштөөгө уруксат берилген кагаз аркылуу Кыргызстандын бюджетине 94,2 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын коррупцияны алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Куван Бекмуратов билдирди.

Анын билдирген маалыматына ылайык, көрсөткүч 2018 – жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көп болгон. Өткөн жылы чет элдик жарандар үчүн иштөөгө уруксат берилген кагаз аркылуу түшкөн каражаттын жалпы суммасы 52 млн. сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө үч жылга чейин иштөөгө уруксатты 42 жогорку квалификациялуу чет элдик жарандарга берилди.. Мунун менен катар, мамлекеттик 10 миң сом өлчөмүндөгү алымдан сырткары, алар мамлекеттин бюджетине салык жана камсыздандыруу чегерүүлөрүн төлөп турушат.

«Кыргызстандын 1 миң 455 жаранына кошумча жумуш орундарды чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын катышусу менен тузүлгөн ишканалар берген. Өлкөдө окуу-жай ж.б. мекемелерде иштеген чет элдик жарандардын саны 35 миңди түзөт», — деп билдирди Куван Бекмуратов.

Тэги: чет элдик жарандар Кыргызстан жумуш орду менен камсыз болуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть