Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор алгач Жалал-Абад облусунда башталды.
Анын алкагында Сузак районунун алты айыл аймагы үймө-үй кыдырылып, чет жакта эмгектенип жүргөндөр тууралуу маалымат чогултулду.
Министрлик бул миграция жаатындагы статистиканы так чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турганын белгилейт.
Эми бул системаны башка аймактарга жайылтуу пландалууда.