Чүй каналына (АЧК-1) чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн И.Раззаков атындагы КМТУ алдындагы “КОНАС” илимий-инженердик борбору инвестиция тарткан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ГЭС 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыга алат.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында катышты.
“Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү толугу менен колдойбуз”, - деди Акылбек Жапаров.