Чүй облусунда 5,3 млн долларга терезе чыгаруучу завод курула баштады

07.12.2023, 17:50 Акчабар
Чүй облусунда 5,3 млн долларга терезе чыгаруучу завод курула баштады

Чүй облусунда терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду терезе чыгаруучу жаңы заводду куруу үчүн “Гласслэнд компани” ЖЧКга 5,3 млн доллар каржылык колдоо көрсөтүп, келишимге кол коюлду. Завод толук кандуу иштеп баштагандан тартып 300 адам жумуш менен камсыз болот.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Гласслэнд компани” ишканасынын терезе чыгаруучу заводунун курулушун баштоого капсула салуу аземине катышты.

“Акыркы үч жылдын ичинде фонддор жана банктар аркылуу миңден ашуун завод, фабрика, ишканага ири суммадагы каржылоолорду жүргүздүк. Бул ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мен заводдун бардык кагаздары менен таанышып чыктым. Импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган өндүрүштү сөзсүз колдошубуз керек. Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөргө, бюджеттин кирешелерине оң таасирин тийгизет”, - деди Акылбек Жапаров.

Тэги: Ишкана Чүй облусу ОсОО «Гласслэнд Компани»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть