Чүй облусунун туристтик жерлерине баруучу жолдорго белгилер орнотулду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.
Алар Чоң-Кемин жаратылыш паркына жана Шабдан Баатырдын музейине, Көл-Көгүр көлүнө жана Жантай хандын эстелигине жана башка кызыктуу жерлерге багыт көрсөтөт.
Эске салсак, буга чейин мындай белгилер Нарын облусунда орнотулган. Келечекте республиканын бардык аймактарында пайда болот.