Чүй облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн күн батареялары орнотулду. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, “Нур-Кубат” долбоорунун алкагында 10 үй-бүлөгө техникалар тапшырылды.
Программа пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда.
Мекеме бул үй-бүлөлөрдөн ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып аларын белгилейт. Бул жарандарды кошумча каражат менен камсыз кылат.