Чүйдө 7 млн сомго мамлекеттик мекеме оңдоп-түзөөдөн өттү

22.01.2024, 11:30 Акчабар
Чүйдө 7 млн сомго мамлекеттик мекеме оңдоп-түзөөдөн өттү

Чүй районунун Чүй айылында 13 бөлмөлүү административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, аталган имарат 1981-жылы курулуп, мурун Айыл чарба министрлигинин карамагында болгон. 2022-жылы Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүп берилип, 2023-жылдын апрель айында республикалык бюджеттен капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 7 млн сом каражат бөлүнгөн.

Аталган имаратта райондук агрардык өнүктүрүү жана салык кызматынын райондук башкармалыктары жайгашмакчы.

Тэги: Чүй облусу мамлекеттик мекеме салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть