Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жаӊы конушка 1 млн 621 миң сомго электр энергиясы тартылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Маалым болгондой, каражатка өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдар, 41 даана электр мамы, эки тансформатордук көмөкчордон коюлду.