Чолпон-Атада кечээки селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан жеринде 85 адам иштеп жатат.
Чоң көлөмдөгү оор жумуштарды аткарууга 8 техника тартылган.
20-сентябрда нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел суусу 30 үйдү, эки банк имаратын, бир дүкөндү жана ички жолдорду каптаган. Бактуу-Долоноту, Темир айылдарында да жолдорду суу каптап, Корумду айылында бир үй жабыркаган.