«Чыгышэлектрдин» Ысык-Көлдөгү жана Нарындагы кызматкерлеринин саны кыскарат

29.01.2020, 17:00 Акчабар
«Чыгышэлектрдин» Ысык-Көлдөгү жана Нарындагы кызматкерлеринин саны кыскарат

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров ААК «Чыгышэлектрге» жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ишкананын башкы жетекчиси Алмасбек Джумакадыров «Чыгыш электронун» 2019-жылдагы каржылык-чарбалык ишмердүүлүгү, 2019-2020-жылдардагы күзгү-кышкы сезонун өткөндүгү тууралуу отчет тапшырды.

Жыйында ошондой эле калкты үзгүлтүксүз электрэнергиясы менен камсыздоо, дебитордук карыздарды төмөндөтүү, ыкчам тейлөө маселелери жана 2020-жылга карата пландар талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө бирдиктүү байланыш борборун ишке киргизүү муктаждыгы, «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу жана компаниянын сервистик борборлорундагы калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу керектиги айтылды.

Ошондой эле чыгымдарды оптимизациялоо максатында буга чейин кызмат жамаатынын кызматкерлеринин санын кыскартуу менен «Чыгышэлектро» ААКын Каракол шаарынан Балыкчы шаарына которуу тууралуу кабыл алынган чечими тууралуу маселе көтөрүлдү.

Ишкананын кызматкерлеринин жана башкы дирекциянын өтүнүчү менен акционердик коомдун ордун калтыруу, бирок Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы кызматкерлердин санына оптимизация жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Тэги: Чыгышэлектро Айтмамат Назаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть