Быйыл 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.
Анын айтымында, балдар үчүн оюн-аянттары, сейил бактар иштебейт.
«Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга онлайн түрүндө сүрөт тартуу жана оюн-зооктор уюштурулат. Биз кырдаалга байланыштуу балдарга майрамдык маанай тартуулай албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз», — дейт Мирзахмедов.
Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.