COVID-19: Өкмөт мүчөлөрү ыктыярчылар менен жолугушту

28.07.2020, 10:20 Акчабар
COVID-19: Өкмөт мүчөлөрү ыктыярчылар менен жолугушту

Вице-премьер-министрлер Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев COVID-19 пандемиясы учурунда калкка көмөк көрсөткөн волонтерлор менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Иш-чаранвын жүрүшүндө «Бирге» кыймылынын жетекчиси Эльдар Шабдановдун волонтердук кыймылдын иши тууралу бетачары угулду.

«Волонтерлор өз суроолоруна тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн жооп алышты жана конкреттүү мисалдардын негизинде абалды жакшыртуу жолдорун жана өз-ара аракеттешүүнү жакшыртуу боюнча өз сунуштарын киргизишти», - деп жазылат маалыматта.

Ыктыярдуу уюмдардын өкүлдөрү эпидемиологиялык абал татаал аймактарга өзгөчө көңүл бурууну айтышты. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин саламаттыгын жана өмүрүн сактоо маселеси көтөрүлдү. Ыктыярчылар медицина кызматкерлерин колдоо боюнча мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүүгө тийиш деп эсептешет. Мындан тышкары электрондук медицинаны ишке киргизүү, кризистик шарттарда бизнес-коомчулукту колдоо, пандемияга каршы күрөшүү боюнча калкка маалымат берүү тууралуу маселелер козголду.

Жыйынтыгында мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

Тэги: өкмөт мүчөлөрү ыктыярчылар жолугушуу Вице-премьер-министрлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть