Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    24.04.2020, 05:30

    Кыргызстанда дары-дармекке болгон баанын көтөрүлүшү чек аралардын жабык болгондугу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

    [news 22976]

    Ал маалымдагандай, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаменти бааларга көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жатат.

    «Жер-жерлерде тиешелүү инспекция иштерди жүргүзүүдө. Бирок баалардын көтөрүлүшүнүн да себеби болсо керек. Анткени учурда чек аралардын баардыгы жабык, дарыларды алып келүүгө мүмкүнчүлүктөр чектелип жаткандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок ошол эле кезде өтө кымбаттатып салгандарга чара көрүлүп, бул маселе тыкыр көзөмөлдө болууда», - дейт ал.


    Читать похожее

    • 22.08.2024, 00:10:17
    • 11.07.2024, 00:45:00
    • 06.05.2024, 04:35:27
    • 30.04.2024, 22:00:42