10-11-февраль күндөрү Бишкектеги Агропромдун имаратынын жанында кайрадан айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Соода чатырлары Раззаков көчөсүнө – Киев менен Токтогулдун ортосуна орнотулат. Жарманкеде дыйкандар жана өндүрүүчүлөр шаар тургундарына жаңы түшүмдү дүң баада сунушташат.
Жарманке саат 08:00дө башталып, 18:00гө чейин уланат.
Катышуу боюнча суроолор боюнча 0555 34 60 60 номерине кайрылса болот.