Депутат: кичи жана орто бизнеске мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек

13.05.2020, 10:30 Акчабар
Депутат: кичи жана орто бизнеске мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек

Өлкөдө кичи жана орто бизнеске мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек. Бул тууралуу депутат Нурбек Тотонов транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өкмөт кичи ишкерликти ачуу үчүн уруксат кагазын берүү процессин оптималдаштыра албай жатат.

«Ишкерлер бюрократия көйгөйүнө кабылып, салык кирешелер кыскарып, мамлекет чыгымга учурап жатат. Эгерде өкмөт бул маселени чече албаса, анда кантип ири ишканаларды өнүктүрүү жөнүндө сүйлөсөк болот», — деп кошумчалады Тотонов.

Тэги: Депутат Нурбек Тотонов кичи жана орто бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть