Дүйнөлүк банк Бишкектеги ышты жоюуга 50 млн доллар насыя берет

15.11.2023, 13:15 Акчабар
Дүйнөлүк банк Бишкектеги ышты жоюуга 50 млн доллар насыя берет

Экологияны жакшыртуу жана ышты жоюу боюнча Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 млн доллар насыя берет. Бул тууралуу Экология министри Мелис Тургунбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор 7 жылга эсептелип, жакынкы арада кол коюу пландалууда.

"Ышты жоюу максатында Бишкек шаарында 249 объектти текшерип, 239 миң сом айып пул салдык. Бул дагы ышты жоюунун алкагында экотехинспекциянын жасаган иши болуп саналат. Биздин министрлик көзөмөлдү күчөтүп, айып пул салып, экологияны тазалоо максатында иштерди жүргүзүп жатат", - дейт ал.

Ошондой эле, Бишкекте 22 от казан көмүрдөн газга өткөрүлдү. Андан сырткары, Бишкекте таштанды полигонунун түтүнү толугу менен өчүрүлдү.

"Таштандыны кайра иштетүү заводун куруу боюнча иштеп жатабыз. Бир-эки жылдын ичинде ага да жаңы завод курулуп, ал дагы ыштын пайда болушуна бөгөт коёт деген чоң ишеничтер бар. Тигүү цехтерин текшерүүгө алдык. Мончо жана башка өнөр жай объекттерин толук көзөмөлгө алып, рейддерди жүргүзүп жатабыз. Милиция кызматкерлери экология полициясы менен унаалардын катализаторлорун, транспортторду текшерип катуу көзөмөлдөп жатат", - деди министр.

Тэги: күз-кыш экология маселеси дүйнөлүк банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть