Дүйнөлүк банк Кыргызстандын жаратылышына кам көрүүгө 52,4 млн доллар бөлөт

02.04.2024, 11:30 Акчабар
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын жаратылышына кам көрүүгө 52,4 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк менен Каржы министрлиги "КРда ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү" долбоору боюнча 52,4 млн долларга каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Макулдашууга каржы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова кол коюшту.

"Долбоор селдердин жана мөңгүлөрдүн жашоо каражаттарына жана жердин азайышына кыска мөөнөттүү узак мөөнөттүү таасирин азайтуу максатында натыйжалуу жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө багытталат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, долбоор климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга тийгизген таасирин азайтууга, селден жана суу ташкындарынан экономикалык жоготууларды кыскартууга жана аялуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле 9 миң 500дөн ашык короо-жайлар, 2 миң 754 кожолук, 7 миң 828 га айыл чарба жерлери жана көптөгөн социалдык объекттерди коргоого мүмкүндүк берет.

Тэги: дүйнөлүк банк жаратылыш каржы министри табигый кырсыктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть