Дүйнөлүк банк энергетика тармагына инвестиция тартууга кызыктар

05.12.2023, 17:02 Акчабар
Дүйнөлүк банк энергетика тармагына инвестиция тартууга кызыктар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тарап кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн экономикасындагы алгылыктуу өзгөрүүлөрдү белгилеп, Дүйнөлүк банктын, Кыргызстандын элинин жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган программаларды ишке киргизүүдөгү жана ири долбоорлорду ишке ашыруудагы маанилүү ролун баса белгиледи.

"Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси ири долбоорлорду ишке ашырууга каржылык катышууга жана Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн потенциалдуу инвесторлорду тартууга кызыктар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ал Дүйнөлүк банктын айыл жеринде ичүүчү суу жана ирригация тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары, 2024-жылга карата мерчемделген иш-чаралары тууралуу маалымат берди.

Тэги: дүйнөлүк банк Энергетика тармагы инвестициялык долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть