akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    30.11.2023, 04:30

    Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Тураталы" жана Бишкек шаарындагы "Дордой" базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Салык мыйзамдары боюнча стратегиялык объекттерге кирген базарларда ишкерлер өзгөчө режимде иштей алышат.

    Азыркы учурда стратегиялык объекттерге "Дордой" жана “Тураталы" базарлары кирет. Бул базарларда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулат.