ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө уланууда

23.11.2022, 12:05 Акчабар
ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө уланууда

Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында 18 жаранга, анын ичинен Россиянын 15 жаранына, Казакстандын эки жаранына пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Мындан тышкары, пенсиянын бир бөлүгү Россия тарабынан Кыргыз Республикасынын 1 жаранына (багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу) дайындалган.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-январынан тартта Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Тэги: пенсия Соцфонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть