Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

28.06.2024, 10:26

1-июлдан тарта Кыргызстанда пенсиянын минималдуу өлчөмү 3 миң 500 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев президенттин катышуусунда пенсияны жогорулатуу маселелерине арналган жыйында билдирди.

Ал жогорулатуу эки этап менен болорун айтты.

“Экинчи этап 2024-жылдын 1-октябрында болот. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%, бирок 1 миң сомдон кем эмес жогорулатылат. Кошумча компенсациялык төлөмдөр минималдуу пенсияны 6 миң 900 сомго чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет, бул пенсионердин жашоо минимумуна жетет”, - деди ал.

Бул максаттарга кошумча 20 млрд сом бөлүнөт. Анын 3 млрд 140 млн сому – пенсиялык фонддон, 787 млн сому – республикалык бюджеттен. Ошол эле учурда акыркы үч жылда пенсияны жогорулатууга 60 млрд сом бөлүнгөн.

Бактияр Алиев 2021-жылдан бери жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 49%га кыскарганын белгиледи. 2024-жылдын октябрынан тарта бул көрсөткүч толугу менен жоюлат.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 05:34:41
  • 11.07.2024, 23:20:28
  • 07.07.2024, 23:00:01
  • 28.06.2024, 04:26:05