ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамкарызы 105 млрд $ жетти

26.10.2020, 11:35 Акчабар
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамкарызы 105 млрд $ жетти

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна карата тышкы карызы 104.9 млрд $ түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу тышкы карыз 0.04% же 305.4 млн долларга өскөн. Бул маалыматты ЕЭК билдирди.

Баарынан Россиянын тышкы карызы эң жогору — 65.3 млрд $, Беларусияныкы — 18 млрд $. Казакстандын карызы- 11.8 млрд $, Арменияныкы- 5.6 млрд $ жеткен. Эң төмөн мамкарыздын көлөмү Кыргызстанда- 4.1 млрд $ түзөт. Бирок, өлкөнүн ИДПга карата карызы50%, Арменияныкы -42.1%, Белорусияныкы -28.8%, Казакстандыкы -6.7%, Россияныкы - болгону 4% түзөт.

Армениянын тышкы карызынын көлөмү 9.4%, Белорусияныкы - 2.6%, Кыргызстандыкы - 2.1%, Казакстандыкы - 0.1% жогорулаган. Россиянын тышкы карызы 0.4% төмөндөгөн.

Тэги: ЕАЭБ Тышкы карыз мамкарыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть