Опубликовано
09.04.2021, 04:20ЕАЭБ өлкөлөрү менен Өбекстан ортосундагы айыл чарба тармагындагы соодалашуунун көлөмү 2020-жылдын жыйынтыгы менен 2.4 млрд долларды түздү. 2019-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 30% жогорулаган. Бул тууралуу ЕЭКтин министри Артак Камалян Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Ходжаев менен жолукканда маалым болду.
[news 33609]
ЕЭКтин министри ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугунун жалпы принциптерин жана ыкмаларын калыптандырууга, Биримдик өлкөлөрүнүн базарларына айыл чарба продукцияларын кошумча жеткирүүнүн муктаждыктары же мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тез арада маалымат алмашуу үчүн аянтчаны түзүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Органикалык айыл чарба продукцияларын үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери дагы каралды.
Белгилей кетсек, 2020-жылы айыл чарба продукциясын өндүрүү ЕАЭБ боюнча 2019-жылга салыштырмалуу 2.3% жогорулаган. Өндүрүлгөн тамак-аш, суусундук жана чылым продукциялары 2020-жылы 130 млрд долларды түзгөн. 2019-жылга салыштырмалуу 3.1% жогорулаган.