ЕАЭБде товар ташууну жеңилдеткен чечимдер кабыл алынды

18.04.2022, 09:31 Акчабар
ЕАЭБде товар ташууну жеңилдеткен чечимдер кабыл алынды

Москва шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгынын астында Евразия Экономикалык Комиссиясынын кеңешинин жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, кеңештин күн тартибинде 49 маселе каралган, анын ичинде маанилүү импорттук товарлардын кеңири ассортименти үчүн бажы алымдарынын ставкаларын убактылуу баштапкы абалына келтирүү маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында бул маселе Кеңеш тарабынан жактырылды. Натыйжада, аталган чечим менен үч жүзгө жакын позиция боюнча демилгелер макулдашылды.

Белгилей кетсек, алымдарды баштапкы абалына келтирүү фармацевтикалык продукцияга, текстиль өнөр жайын колдонуу үчүн зарыл болгон товарларга, үрөнгө, жер семирткичтерге, электр жабдууларына, кагаздын жана картондун айрым түрлөрүнө жана башка буюмдарга өз таасирин тийгизет.

ЕЭК кеңешини тарабынан төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • Кыргызстан үчүн маанилүү чечимдердин бири болуп 35 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки камыш кантты алымсыз ташып келүүгө кошумча квоталарды берүү маселеси болду.
  • Андан соң ЕЭК кеңеши Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россияга жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн ташып келүүнүн наркынын ченемдерин 1000 еврого чейин жана салмак нормаларын 31 кг чейин жогорулатты. Кеп коштолгон жана (же) коштолбогон багажды, аба жолунан башка транспорттун бардык түрлөрү, же жөө ташып келүү тартиби жөнүндө болуп жатат. Буга чейин жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүдө алымсыз босого 500 еврону жана 25 кг түзгөн.
  • ЕЭК Кеңеши өлкөлөр тарабынан өз ара товар жүгүртүүдө чектөөлөрдү киргизүүдө жана аны алып салууда ЕАЭБ мамлекеттери менен Комиссиянын өз ара аракеттенүү Тартибин бекитти.
  • Кеңештин мүчөлөрү товарлардын айрым категорияларын бажы төлөмдөрүн жана салыктарын төлөбөстөн убактылуу ташып келүүнү эки жылга чейин узартууну макулдашты. Мурда бул мөөнөт бир жылды түзгөн.
  • Алты айга чейинки мөөнөткө ташып келүү бажы алымдарын төлөөнү пайызсыз кийинкиге жылдыруу, же бөлүп төлөө боюнча жаңы негиз тууралуу чечим кабыл алынды.
  • Кеңештин маанилүү чечими катары Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуу болду.
  • ЕЭК Кеңешинин чечими менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесин колдоо чарасы катары Евразия реестриндеги товарларды экспертизалоо актысынын колдонуу мөөнөтү бир жылга узартылды.
  • 26-27-майда Бишкекте өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартиби бекитилди.

Ошондой эле, ЕЭК Кеңешинин отурумунун алкагында башка маселелер, анын ичинде бизнестин кызыкчылыктарын козгогон маселелер каралды.

Тэги: ЕЭК Кеңеши товар ташуу ЕАЭБ аймагы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть