ЕАЭБ: Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү 2,7% гана өстү

19.02.2024, 12:11 Акчабар
ЕАЭБ: Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү 2,7% гана өстү

Былтыр Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 103,7% түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү Беларуста – 7,7%, Казакстанда – 4,3%, Арменияда – 4,1%, Орусияда– 3,5%, Кыргызстанда – 2,7%га өскөн.

Өндүрүштүн көлөмү кайра иштетүү өнөр жайында 7,4%га, электр менен камсыздоодо, газ, буу жана кондициялоодо 0,3%га өскөн. Ал эми тоо-кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө - 0,6%га, суу менен камсыздоо, канализация системасында, калдыктарды чогултууну жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөдө - 2,2%га төмөндөгөн.

Тэги: ЕАЭБ аймагы өнөр жай өндүрүш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть