ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу ветеринардык жана фитосанитардык контролду жүргүзүүгө тыюу салынды

28.02.2021, 08:20 Акчабар
ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу ветеринардык жана фитосанитардык контролду жүргүзүүгө тыюу салынды

ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык контролдун кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Белгилей кетсек, мурда товарды коштоочу документтердин тизимине ветеринардык жана фитосанитардык контролду өткөндүгү тууралуу маалымдама да кирген. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, бул ишкерлерге белгилүү ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Аталган көзөмөлдөн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ болгондуктан жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Бул Кыргызстандан «бир аялдама» принциби боюнча товарларды экспорттоонун бажы процедурасына уруксаат берилген товарларды жана жаныбарларды автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу ташып өтүүдөгү мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салынбайт.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тэги: ЕАЭБ товар жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть