ЕӨБ Кант цемент заводун модернизациялоого 48,8 млн доллар бөлдү

21.03.2024, 10:34 Акчабар
ЕӨБ Кант цемент заводун модернизациялоого 48,8 млн доллар бөлдү

Кыргызстандагы Кант цемент заводун жаңылоо иштери башталды. Курулуш иштерине Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 48,8 млн доллар бөлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кант цемент заводундагы жаңы линиянын курулушун баштоо салтанатына катышты.

Анын айтымында, Кант цемент заводу 2018-жылы мамлекетке салык жана төлөмдөр катары 280,6 млн сом киреше берип келсе, 2022-жылы модернизация болгондон бери 747,3 млн сом, 2023-жылы 857,5 млн сом, 4 эсе көп киреше берди.

“Былтыр Кант заводуна экспортко багытталган газобетон чыгаруучу линия үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу 8,5 млн долларлык каржылоо көрсөтүлгөнүн, ал эми бул жылы Евразиялык өнүктүрүү банкы аркылуу 50 млн доллар кредит, 20 млн доллар өздүк салым болуп, клинкерлер боюнча жаңы линияны куруу башталды”, - деди ал.

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары, заводдун мультипликативдик эффекти абдан чоң экенин белгилеп, мешок чыгарган ишканадан тартып, керектөөчү ишканаларга чейин – жалпысынан 45 компания менен кызматташып жатканын кубаттады.

Белгилеп кетсек, Кант цемент заводунда учурда 850 адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болуп, жылына 1,1 млн тоннадан ашык цемент өндүрүлөт. Жаңы линия салынып бүткөн кезде: клинкер кирпичтери кургак түрдө чыгарылып, өндүрүштүк кубаттуулугу – суткасына 2 миң 500 тонна, бир жылда 800 миң тонна жогорку сапаттагы клинкер чыгарат.

Тэги: Кант цемент заводу Евразия өнүктүрүү банкы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть