2023-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен бирге 9 калктуу конушту газдаштырды жана 14 миң 092 абонентти газга туташтырды.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 47 конуштан 31 конуш газ менен камсыз болду.
Эске салсак, 2023-жылы калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын эки коммерциялык банкы катышкан, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду түзгөн.