2020-жылдын 9 айында 727 экономикалык кылмыштуулук катталган

19.11.2020, 14:25 Акчабар
2020-жылдын 9 айында 727 экономикалык кылмыштуулук катталган

18-ноябрда бизнес-коомчулук менен мыйзам долбоорлордун демилгечилери бизнеске байланыштуу онлайн-жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү Кеңешинин сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан 2019-жылы 1 миң 497 кылмыш иши катталган. Бул учурда 2020-жылдын тогуз ай ичинде 727 кылмыш иши катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 51.5% төмөн.

Экономикалык кылмыштуулуктун негизинде келтирилген зыяндын көлөмү 2.3 млн сомду түзгөн, анын 78.1% кайра кайтарылган. 2020-жылдын тогуз айында келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 1 млн сомду түзгөн, анын ичинен 75.8% кайтарылган.

Кошумчалай кетсек, жолугушуунун катышуучулары КР жаңы Кылмыш-жаза кодексин кабыл алуу маселесин карашкан, ошондой эле кодекстеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты ишкерлер арасында да, мамлекеттик органдарда да кеңири жайылтуу зарылчылыгын талкуулашкан.

Тэги: бизнес-коомчулук мыйзам долбоор демилгечи Экономикалык кылмыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть