Экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды

11.02.2022, 16:03 Акчабар
Экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин ишкер экс-депутаттын алдамчылык аракеттеринен улам 2 млн доллар өлчөмүндө зыян тартканы тууралуу УКМКга арыз менен кайрылган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон”,- деп айтылат маалыматта.

Экс-депутат аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 10-февралда Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Эске салсак, былтыр УКМК тарабынан Алиярбек Абжалиевге “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анда анын байлыгы расмий кирешесине дал келбей жатканын маалымдаган. Кийин ал мамлекеттик бюджетке 20 млн сом которгонун кабарлаган.

Тэги: алчамчылык фактысы экс-депутат Алиярбек Абжалиев УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть